Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-ноябрь
69.75    82.21    1.17    KZT 0.21
Ысык-Көл

Фото - Жыргалаңдагы фестивалда чет элдиктерди тамшанткан чымчыма тамагы кантип жасалат?

Turmush -  Чымчыма тамагы Ак-Суу районунун Жыргалаң айылынын брендине айланууда. Бул тууралуу жергиликтүүлөр айылда өткөн фестивалда билдиришти.

Жыргалаң дестинациясынын «Рахат» мейман үйүнүн тургуну Жаңыл Бекбоева чымчыма кандайча жасаларын айтып берди.

«Бул тамакты жасоо үчүн уйдун этин майда туурап, аны пияз менен жакшы кууруп, үстүнө капуста, калемпир сыяктуу майда төрт бурчтук формада тууралган жашылчаларды салып, туз, мурч кошуп демдеп коебуз. Мындан сырткары, бул тамак үчүн жумуртка менен камыр жуурулат. Аны жука жайып, 2 см кылып кесип, арасына май сүйкөп, касканга биринин үстүнө бирин тизип бышыруу керек. Тамак даяр болгондо табакка камыр, куурулган эт, жашылчалар салынат. Даяр болгон соң камырды колго алып, бышкан фаршты чымчып алып жеш керек», - дейт Ж.Бекбоева.

Анын айтуусунда, чымчыма Жыргалаңда көп жасалат. Көпчүлүк тургундар ушул тамакты жеш үчүн атайын Жыргалаңга келишет. Бул тамак чет элдик туристтерге дагы абдан жакты.

Жыргалаңда өткөн жайкы фестивалга келген меймандар да чымчыма тамагы менен сыйланды.


Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 904
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×