Бөлүмдөр
Жума, 25-май
Ысык-Көл

Фото - Караколдо вице-премьер Т. Жумакадыровдун катышуусунда Эгемендүүлүк майрамы белгиленүүдө

Turmush -  Бүгүн, 31-августта Каракол шаарынын борбордук аянтында Эгемендүүлүктүн 26 жылдыгы салтанаттуу белгиленүүдө, деп билдирди аймактык кабарчы.

Майрамдык иш-чарага Чек ара маселеси боюнча вице-премьер-министр Темир Жумакадыров, облустун куратору Камчы Кускаков, ЖК депутаттары, өкмөттүн облустагы ыйгырым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев, шаар мэри Данияр Арпачиев, шаардык депутаттар, мекеме-ишканалардын жетекчилери катышууда.

Майрамдык иш-чаранын алкагында «Манастын урпактары» аттуу өнөр жай көргөзмөсү уюштурулуп, «Улуу көч» аттуу театрлаштырылган оюн-зоок көрсөтүлүдө. Ошондой эле, «Биримдик бийик жылдыздан, бириксек күчтүү - Кыргызстан» аттуу этникалык топтордун фестивалы өткөрүлдү. Иш-чараны концерттик программа коштоодо.

А.С.Пушкин атындагы эс алуу багы, зоопарк жана шаардык музейлер эл үчүн кызмат кылууда.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1368
Көп окулду
×