Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-ноябрь
69.75    82.21    1.17    KZT 0.21
Ысык-Көл

Видео, фото — Ак-Суу районунда Эгемендүүлүк майрамы жөө жүрүш менен башталды

Turmush -  Ак-Суу районунда Эгемендүүлүктүн 26 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара жөө жүрүш менен башталды, деп билдирди аймактык кабарчы.

Жөө жүрүшкө Теплоключенка айылындагы мекеме-ишканалардын, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, айыл тургундары катышууда.

Майрамдын расмий бөлүгү Теплоключенка айылындагы маданий спорт комплексинин алдында өтүп, ага Жогорку Кеңештин депутаты М.Сабиров, өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн өкүлдөрү, район акими Улан Дөкөнбаев, Теплоключенка айыл өкмөтүнүн башчысы Талант Көбөнбаевдер катышып, жергиликтүү тургундарды куттукташты.

Ошондой эле, спорт комплекстин алдында жарманке уюштурулуп, айыл чарба товарлары, кол өнөрчүлөрдүн буюмдары сатыкка коюлду. Майрамдык салтанатты «Боз салкын» элдик ыр-бий ансамблинин театрлаштырылган көрсөтүүсү коштоодо.


Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1010
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×