Бөлүмдөр
Жума, 25-май
Ысык-Көл

Фото - Караколдук Шахрияр менен Бакыт Эгемендүүлүк күнүндө шайтан араба утуп алышты

Turmush -  Каракол шаарында бүгүн, 31-август — Эгемендүүлүк күнүнө карата веложарыш өткөрүлдү, деп билдирди Turmush басылмасынын кабарчысы.

Веложарыш саат 10:00дө борбордук аянттан башталып, 3 чакырым аралыкка чейин созулду. Ага жалпы 200дөн ашык адам катышты. Веложарыштын максаты сергек жашоону даңазалоо болуп саналат.

Акциянын алкагында катышуучулар арасында ар кандай оюн-зооктор уюштурулуп, сыйлыкка түрдүү белектер жана 2 шайтан араба коюлду. Оюндардын жыйынтыгында биринчи шайтан арабыны Бакыт Бектемиров жана экинчисин Шахрияр Ошурбакиев аттуу балдар утуп алышты.

«Мен утам деп ойлогон эмесмин. Жакшы сезимдер болуп жатат. Жалпы кыргыз элин Эгемендүүлүк майрамы менен куттуктайм. Жергебизде тынчтык, бейпил жашоо болсун», - деди Б.Бектемиров.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1484
Көп окулду
×