Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-ноябрь
69.75    82.21    1.17    KZT 0.21
Ысык-Көл

Мекендештер: Красноярскта окуган 21 жаштагы Куттубол мекенин сагынганда КрасТЭЦ базарына барат (фото)

Turmush -  «Мекендештер» рубрикасынын кезектеги каарманы — Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылынын 21 жаштагы тургуну Куттубол Азаматов. Учурда ал Красноярск шаарындагы Сибирь федералдык университетинде 3-курста окуп жатат.

К.Азаматовдун айтымында, ал 11-классты бүткөндө ушул окуу жайдан билим алуу үчүн тест тапшырып, анын жыйынтыгы менен бюджеттик негизде билим алууга мүмкүнчүлүк алган.

«Бул шаарда азиат улутундагы адамдардын саны көп. Жаңы барганда тааныш байкелер күндө кыргыз балдар менен тааныштырчу. Якут, тувиндерди көрүп кыргыздарга окшоштуруп, кээде кыргызча учурашкан күндөрүм болду. Красноярсктын жаратылышы жана аба ырайы жакты, бирок биздикине жетпейт. Бул жерден көптөгөн түрдүү сынактарга Кыргызстандын атынан катышып турабыз. Кыргыздар барыбыз чогулуп, алдыңкы орун алууга шашылып, бүт күчүбүздү жумшайбыз. Болжол менен бул окуу жайда 140тай кыргыз студент окуйт.

Кыргызстандыктардын КрасТЭЦ деп аталган чыгыш базары бар. Жаңы келгенде кубанып, андагы соодагерлердин бирөөсүн дагы калтырбай учурашып чыккам. Үйдү сагынганда базарга барып, кыргыздын улуттук тамактарын жеп, бир аз болсо дагы сагынычымды таратып алам», - дейт Куттубол.

Ал окуудан сырткары студенттердин укуктук тартип отрядында эмгектенет. Үй-бүлөдө 3 бир туугандын ортончусу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 789
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×