Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-ноябрь
69.75    82.21    1.17    KZT 0.21
Ысык-Көл

Ысык-Көлдүн дыйкандарына кайрак жерден да мол түшүм берген буудайдын жаңы сорту сунушталууда (фото)

Turmush -  Ак-Суу райондук сорт сыноо станциясы облустун дыйкандарына буудайдын жаңы үрөнүн сунуш кылууда. Бул тууралуу аталган станциянын директору Акылбек Касмалиев билдирди.

Анын айтымында, алар дыйкандарга буудайдын Москва-39 үрөнүн сунуштоодо.

«Безостая-1 сортундагы күздүк буудай 1961-жылы өлкөбүздө өндүрүшкө кирген. Ошондон бери биздин дыйкандар арасында кеңири колдонулуп келет. Бирок кийин Москва-39 үрөнү андан кем калбаганын далилдеп келүүдө. Ал сугат жана кайрак жерде дагы мол түшүм берип, андан алынган ун да жакшы болууда. Мындан улам биз дыйкандарга ушул сортту сунуш кылып жатабыз», - деди А.Касмалиев.

Ал белгилегендей, бул чарбада 10 киши иштеп, отоо, түшүм жыйноо маалда кошумча кызматкерлер тартылат.

«Жанаша өскөн ар бир сортту өз-өзүнчө жыйнап, сорттоп, тазалап чыгуу да түйшүк жаратат. Мындагы кичинекей комбайндар ар бир сортту өз-өзүнчө чапкандан кийин алар капка салынып, тазаланып, андан кийин Бишкекке лабораторияга жиберилет. Бул мекеме үрөн сыноодон сырткары облустагы биринчи категориядагы үрөн чарбасы болуп эсептелет. Ал быйылкы жылы 15 тонна буудай, 3 тонна тритикале, 20 тонна картөшкөнүн үрөнүн дыйкандарга сатып, жакшы сорттор талааларда түшүмүн берейин деп турат», - деп кошумчалады ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 545
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×