Бөлүмдөр
Шейшемби, 26-сентябрь
68.46    82.09    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Ысык-Көл

Фото - Жети-Өгүздүн Тосор айылында Жанек баатырдын 200 жылдыгы белгиленди

Turmush -  Жети-Өгүз районунун Тосор айылында Жанек баатырдын 200 жылдыгы белгиленди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

«Эр Жанекке 200 жыл» аттуу мааракени «Тосор коому» коомдук уюму жергиликтүү бийлик менен бирге өткөрүштү.

Райондун акими К.Жудеев мааракенин салтанаттуу бөлүмүн ачкандан кийин өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү У.Жылкыбаев, КРнын эл акыны О.Султанов, «Тосор коому» уюмунун уюштуруучулары Тыныбек Жукешов менен Айбек Сарыгуловдор Жанек баатырдын эл-жерин сырткы баскынчылардан коргоодогу эрдиктерине токтолуп, жалпы кыргыз элин ынтымакка, бир туугандык сый-урматка ээ болуу менен келечекте мындан да гүлдөп өскөн өлкөгө айланууга чакырып кетишти.

Куттуктоолор аяктагандан кийин Кыргыз улуттук академиялык драма театры, «Сейтек» өспүрүмдөр маданий борбору «Эр Жанек» театрлаштырылган оюн-зоогун тартуулашты. Бишкек мэриясынын эл аспаптар оркестринин, кыргыз искусство чеберлеринин, фольклордук жана эстрадалык топтордун концерти тартууланып, кыргыздын аттын кулагы менен тең ойногон кыз-жигиттеринен турган каскадерлор тобу элди өз өнөрлөрү менен таң калтырды.

Ошондой эле, бул мааракеге арналып көл жээкте этнокомплекс ачылып, таш сахна жасалган. Мааракенин алкагында кол өнөрчүлөрдүн эмгектери көргөзмөгө коюлуп, улуттук оюндар боюнча мелдештер уюштурулду.

Мааракенин алкагында Тосор айылына Бишкек тараптан кире бериш жерине Эр Жанекке арналып салынган күмбөздүн ачылышы болду. Күмбөздүн ачылыш аземин райондун акими К.Жудеев ачып бергенден кийин айылдын имамы куран окуп, илимдин докторлору А.Иманов, Ж.Каниметов, Тосор айылынын ардактуу аксакалы И.Исмаев жана башка тосорлук туугандар Эр Жанектин эрдиктерине, элдин эркиндиги үчүн кылган кызматына токтолушту.

Мааракени уюштуруп, эстелик ачууда кызмат кылган «Тосор коому» уюмунун башкармалыгынын жетекчилери А.Сарыгулов менен Т.Жукешовго ыраазычылыгын билдиришти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 897
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу