Бөлүмдөр
Шаршемби, 13-декабрь
69.75    82.26    1.18    KZT 0.21
Баракелде

Жаңы Зеландиялык окумуштуулар 106 жылдан бери сакталган таттуу азык табышты (фото)

Turmush -  Жаңы Зеландиялык окумуштуулар тарабынан 106 жылдан бери сакталган таттуу азык табылды.

Маалым болгондой, мөмө-жемиштерден жасалган таттуу азык Huntley & Palmers кондитердик фирмага таандык экендиги аныкталган. Ал кагазга оролуп, калай кутуда болгон. Калай кутунун сырты начар болгону менен пирогдун абалы жакшы көрүнгөн.

Окумуштуулар кондитердик азык британиялык изилдөөчү Роберт Скоттун «Терра Нова» (1910-1913-жж.) экспедициясындагы тамак-аштарынын бири деп эсептешет. «Терра Нова» Скоттун Антарктидага жасаган экинчи экспедициясы болгон. Изилдөөчү Түштүк уюлду биринчилерден болуп багындыра алган эмес. Себеби бул жерге норвегиялык саякатчы Руаль Амундсен андан биринчи болуп барган. Уюлдан кайтып келе жаткан Скотт жана анын достору сууктан жана ачкачылыктан көз жумушкан. «Терра Нова» экспедициясынын калган тирүү катышуучулары 1913-жылдын февралында Жаңы Зеландиянын портуна жетишкен.

DG2mJ3VV0AEQX8v.jpg:large

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2578
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
16:48,   12.12.2017   ( 11 адам окуп жатат)
×