При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Бейшемби, 24-август
68.6    80.87    1.16    KZT 0.21

Фото - Жети-Өгүз курортундагы окуучулар «Дүйшөндүн мектебинде» билим алышат

Turmush -  Жети-Өгүз курортунун тургундары балдары жараксыз мектепте окуганына нааразы болуп, анын ордуна заманбап мектеп куруп берүүнү өтүнүшүүдө. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысына билдирди.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, жаңы мектеп үчүн акча бөлүнгөнү менен имарат салына турган жер курорттун карамагында болгондуктан бул маселе чечилбей келет.

Жети-Өгүз курортунун квартал башчысы Арзыкан Сулайманованын айтымында, СССР убагында эле бул жерде мектеп, бала бакча да болгон эмес.

«Азыркы мектептин имараты 1954-жылы геологдордун жатаканасы катары салынган экен. 1961-жылы ал Жети-Өгүз айылына бала бакча болуп өткөрүлүп берилген. Ошондон бери бала бакча айыл өкмөттүн балансында турат. 1999-жылы ал имарат мектеп катары колдонууга убактылуу берилген. Ал башталгыч мектеп болуп, Д.Иванов атындагы мектептин филиалы катары балдарга билим берип келе жатат. Ошентсе да, мектепте балдардын билим алуусуна шарт жок. Эки класс бир бөлмөдө окуйт. Бул маселени чечүүнү өтүнүп, кайрылбаган жерибиз калган жок. Акыры президент А.Атамбаевге кайрылганбыз. Ошонун негизинде республикалык бюджеттен 7 миллион сом бөлүнүп, документтер даярдалган. Ага облустук, райондук 17 мекеме кол коюп, райондук жерди каттоо мекемеси макулдугун берген эмес», - деп билдирди ал.

Ал эми райондук жерди каттоо бөлүмүнүн башчысы М.Өмүрканов мектеп айыл өкмөткө караганы менен жер Кыргызстан Профсоюздар федерациясына тиешелүү экенин, алардын менчик жерди пайдалануу мыйзамсыз болорун билдирди.

«Бул маселе менен тургундар Кыргызыстан Профсоюздар федерациясына кайрылышкан. Анын жетекчилиги жооп берүүнү убадалаган. Алар маселени бир киши эмес, аталган уюмдун 32 кишиден турган кеңеши чечет», - деди ал.

Жети-Өгүз курортунун тургуну С.Маймулова быйыл небересин мектепке 1-класска алып барарын айтат.

«Мен 3 неберем менен жашайм. Ата-энеси алыста жүргөндүктөн ушул чүрпөлөрүмдүн келечеги кандай болор экен деп көп ойлойм. Бул жерде өмүр бою курортто иштеп, ушул жерде туруктуу жашап калганбыз. Биз азыр жашап жаткан үйлөрдү менчиктештирген менен, ал турган жерге ээ эмеспиз. Үйүбүздү жаңылап сала албайбыз. бул аймакта жер тилкесине муктаж болгон 92 түтүн бар. Балдарыбыз болсо «Дүйшөндүн мектеби» сыяктуу эски имаратта окушат. 1954-жылы курулган бул мектепте 53 бала билим алса, калган балдар башка айылдарга барып окушат. Мектепте 13 мугалим иштейт, имаратта 5 класс бар. Биздин мектеп Жети-Өгүз айылынан 12 чакырым алыстыкта жайгашкан. Бул жерден 3 чакырым алыстыктагы Талды-Булак айылынан 10 бала келип окуйт. Биздин балдар дагы башкаларга окшоп заманбап мектепте окуп, спорт залда ойносо деген кыялыбыз бар», - дейт жергиликтүү тургун.


Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 476
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу