Бөлүмдөр
Шаршемби, 13-декабрь
69.75    82.26    1.18    KZT 0.21
Ысык-Көл

Ак-Суунун Шапак айылындагы күнөсканада бир жылда бадыраӊдан 3 жолу түшүм алынат

Turmush -  Ак-Суу районунун Шапак айылындагы күнөсканада бир жылда бадыраӊдан 3 жолу түшүм алышат. Бул тууралуу аталган айыл аймактан билдиришти.

Маалыматка караганда, Ак-Суу районунун Шапак айылында «Тоолуу аймактарда тамактандырууну жакшыртуу» долбоорунун алкагында органикалык жол менен жашылча-жемиштерди өстүрүү иши колго алынган. Долбоордун максаты — айыл калкын экологиялык таза, жогорку витаминдүү, пайдалуу азык-түлүктөр менен камсыз кылуу.

«Айылда кызмат көрсөтүү боюнча координаторлордун жардамы менен айыл тургундарынан түзүлгөн топ өсүмдүктөрдү кандай өстүрүү керектигин үйрөнүшөт жана бакчаларына органикалык жол менен сабиз, бадыраӊ, капуста жана башка айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүшөт. Алар өз үй-бүлөлөрүн азык-түлүк менен камсыздап, ашкан продукцияларын айыл тургундары менен бөлүшөт. Мындай тажрыйба эки-үч жылдан бери иш жүзүндө колдонулуп келет. Долбоордун катышуучулары күнөсканада өстүргөн бадыраӊдардан жыл ичинде үч жолу түшүм алышат», - деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 539
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
16:48,   12.12.2017   ( 11 адам окуп жатат)
×