При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Бейшемби, 24-август
68.6    80.87    1.16    KZT 0.21

Ысык-Көлдөгү университет педагогдорду даярдоо боюнча райондорго берген 30 орун толгон жок

Turmush -  Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекетик университети педагогикалык адистерди даярдоого райондорго 30 орун берген. Бирок орундар толгон жок. Бул тууралуу облустук кеңешмеде айтылды.

Өкүлдүн орун басары Эльмира Усенова аймактарда мугалимдер жетишпегенине байланыштуу университеттен бөлүнгөн орундар райондорго берилгенин айтты.

«Бизге ЫМУдан сунуш келери менен райондук билим берүү бѳлүмдѳрүнѳ маалымат берип, документтерди тапшырууну өтүндүк. Окуу жайды бүткѳндѳн кийин ошол айылда иштейт деген 2 тараптуу келишим түзүлө турганын айттык. Мугалим жетишпегенин айтканыңар менен 30 орун толбой калды», - дейт ал.

Облуста 114 мугалим жетишпейт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 357
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу