Бөлүмдөр
Жума, 20-октябрь
68.65    81.04    1.19    KZT 0.21
Ысык-Көл

Ысык-Көлдѳ ысык тамак бериле турган мектептерге идиш-аяк алууга 8,9 млн сом бөлүндү

Turmush -  Ысык-Көл облусунда ысык тамак бериле турган мектептерге ашкана эмеректерин жана идиш-аяктарды сатып алууга тендер жарыяланды. Бул тууралуу облустук кеңешмеде маалымдалды.

Ысык-Көлдү ѳнүктүрүү фондунун жетекчиси Рустамбек Садыралиевдин айтымында, быйылкы окуу жылында 51 мектепке ысык тамак киргизүү каралган. Анын ичинен 30 мектепке эмеректерди алууга аталган фонддон 8 млн 973 сом бөлүндү.

«Тоң районундагы 7 мектепке, Ак-Суудагы 8, Жети-Өгүздөгү 9, Түп районундагы 6 мектепке ашкана эмеректери жана идиш-аяктар алынат», - деди Р.Садыралиев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 413
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×