Бөлүмдөр
Шаршемби, 13-декабрь
69.75    82.26    1.18    KZT 0.21
Ысык-Көл

Ысык-Көлдө билим берүү кызматкерлеринин координациялык кеңешмеси түзүлдү (фото)

Turmush -  Бүгүн, 11-августта Ысык-Көл облусунун билим берүү тармагынын кызматкерлеринин координациялык кеңешмеси түзүлүп, анын отуруму ѳтүп жатат, деп билдирди Turmush басылмасынын кабарчысы. Ага өкмөттүн облустагы өкүлүнүн орун басары Элмира Усенова, билим берүү бѳлүмдѳрүнүн өкүлдөрү, мектеп жетекчилери катышууда.

Алгач Билим берүү жана илим министрлигинин комиссиясы жүргүзгөн текшерүүнүн жыйынтыгы менен облустук билим берүү институтунун тарбия иштери боюнча усулчусу М.Курманалиев маалымат берди.

Кеңешмеде облустун мектептеринде ысык тамак уюштуруу, 2017-2018-окуу жылына мектептердин даярдыгы жана мектепке тартылбай калган балдарды окууга тартуу, 1-класска баруучу балдарды каттоо маселеси каралууда.

«Ысык тамак киргизиле турган мектептердин, жаңы курула турган мекемелердин документтерин кийинки жылдын бюджетине карата эрте даярдап коюу керек», - деди өкүлдүн орун басары.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 667
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
16:48,   12.12.2017   ( 11 адам окуп жатат)
×