Бөлүмдөр
Жума, 20-октябрь
68.65    81.04    1.19    KZT 0.21
Ысык-Көл

Айыл турмушу: Тоңдук чебер айымдар кийизден жасаган буюмдарын Сауд Арабияга алып барышты (фото)

Turmush -  Тоң районунун Бөкөнбаев айылында кол өнөрчү айымдар кийизден ар түрдүү буюмдарды жасап, чет элдик туристтерге сатышат. Бул тууралуу айылдын 43 жаштагы тургуну, чебер айым Кундуз Асанакунова билдирди.

Анын айтымында, кол өнөрчүлөрдүн ишканасы 1997-жылы ачылган.

«Учурда биздин ишканада 8 кыз-келин жана 2 эркек иштейт. Биз иштетип жаткан жүндү айылдагы чабандардан сатып алып, андан кийиздерди жасайбыз. Кийизден шырдактын түрүн, боз үйлөрдүн сырткы жана ички жасалгаларын, бут жана баш кийимдерди, кол баштыктарды жана башка буюмдарды жасайбыз. Эл аралык көргөзмөлөргө дайыма катышып турабыз. Жакында эле Сауд Арабияда өткөн кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөсүнө катышып келдик», - деди ал.

К.Асанакунова белгилегендей, жасалган буюмдарды Германия, Голландия, Англия жана Франциядан келген туристтер эстелик катары сатып алып кетишет. Ошондой эле, чет элдик туристтер кийизди жасоо процессине абдан кызыгышат.

«1997-жылы эжем жасаган шырдакты Даниядан келген турист сатып алган экен. Ошондон кийин бул жерде кол өнөрчүлүк колго алынып, өнүгө баштады. Туристтер колго жасалган буюмдарды абдан баалагандыктан, биз жасаган буюмдарды эстелик катары сатып алышат», - деди Кундуз Асанакунова. 

 

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 442
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×