Бөлүмдөр
Шаршемби, 13-декабрь
69.75    82.26    1.18    KZT 0.21
Ысык-Көл

Пристань-Пржевальскта 63 жыл болгон мектептин чатыры, терезелери 2,3 млн сомго алмаштырылууда (фото)

Turmush -  Каракол шаарындагы Пристань-Пржевальск аймагындагы №7 мектептин чатыры алмаштырылууда. Бул тууралуу аталган мектептин директору Галия Ахмедова билдирди.

Анын айтымында, мектептин чатырын жана терезелерин алмаштырууга 2 млн 233 миң 200 сом каралган. Оңдоо иштерин тендерден уткан «Аракет Сервис» фирмасы жасап жатат.

«Бүгүн чатырга керектүү каражаттарды алып келишти. Мындан тышкары, 27 терезе алмаштырылып жатат. Аталган мектеп 1954-жылы курулган. Орус тилдүү мектепте 396 окуучу билим алып, 26 мугалим иштейт», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 443
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
16:48,   12.12.2017   ( 9 адам окуп жатат)
×