Бөлүмдөр
Жума, 20-октябрь
68.65    81.04    1.19    KZT 0.21
Ысык-Көл

Ак-Сууда кара куурайды жок кылуу иши күчөтүлөт

Turmush -  Ак-Суу районунда жапайы өскөн кара куурайларды жоготуу иши күчөтүлөт. Бул тууралуу аким Улан Дөкөнбаев райондук администрациянын жыйынында билдирди.

Анын айтуусунда, райондо кара куурайды жоготуу иштеринин биринчи этабында 1032 гектар жер белгиленип, анын ичинен 95 гектары кара куурайлуу жер деп аныкталган.

«Жапайы кара куурайларды жок кылуу маселеси боюнча рейддерди уюштурабыз. Жеринде ишембиликтер өткөрүлөт. Бүтпөгөн жерлер кайсыл айыл өкмөткө тиешелүү болсо, чара көрүлөт»,- деп эскертти аким.

Ал эми, РИИБдин башчысы Асылбек Саадановдун билдирүүсүндө, кээ бир айыл өкмөттөр бул иш боюнча жакшы жыйынтык көргөзбөй жатышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 438
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×