Бөлүмдөр
Шаршемби, 13-декабрь
69.75    82.26    1.18    KZT 0.21
Ысык-Көл

Айыл турмушу: Ак-Суу токойчулугу ышкын, каакым, грек жаңгагынан кыямдын түрүн даярдоодо (фото)

Turmush -  Ак-Суу токойчулугу токой азыктарынан түрдүү кыямдарды даярдоону баштады. Бул тууралуу аталган токойчулуктун башчысы Бакыт Ыбыкеев билдирди.

Анын айтуусунда, 2016-жылы токойчулук БУУнун өнүктүрүү программасына токой азыктарын рационалдуу пайдалануу боюнча долбоор жазып, 5 миң доллар утуп алган. Долбоор боюнча Кытайдан кыям жасоочу жабдуулар алынып келип, иш башталды.

«Учурда кызыл карагайдын төө буурчагынан, ышкын, каакым, грек жаңгагынан түрдүү кыямдар жасалып жатат. Кыям жасоо биз ойлогондон дагы татаал процесс экен. Бизге тажрыйбалуу технолог кошулду. Ошондой эле, JICA программасынын кызматкерлери жардам көрсөтүп, идиш, кумшекер алууга жардам беришти. Келечекте биз азыктарды чет өлкөгө чыгарууга аракет жасайбыз. Ал үчүн биз эл аралык стандартка туура келген цех куруп алдык. Кийинки жылы толук иш жүргүзө баштайбыз. Биздин эң башкы максат — токойдун экологиялык таза азыктарынан кыям жасап, элге сунуштоо. Ошондой эле, элетте жумуш орундарын түзүп, токой азыктарын сатуу менен токойчулуктун бюджетин толуктоо болуп саналат. Буюрса, октябрь айында ит мурун, карагат, чычырканактан кыям жасайбыз. Аз дегенде 10 миң банкага чейин кыям чыгарууну пландап жатабыз», - деп билдирди Бакыт Ыбыкеев.

Ал белгилегендей, цех толук иштей баштаганда жалпы 10 киши иш менен камсыз болот. Андан сырткары, продукция чогултканга 20 киши ишке тартылат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 831
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×