Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-июль
Ысык-Көл

Түптө жеңил унаалар кагышып, 2 айдоочу ошол жерде көз жумду

Turmush -  Ысык-Көл облусунун аймагында кечээ, 9-августта катталган жол кырсыктардын кесепетинен 4 адам каза болуп, 12 жаштагы бала ооруканага жеткирилди.

ӨКМ билдиргендей, саат 20:10 чамасында Түп районундагы Сары-Булак айылына жакын жерде «Хонда Стрим» үлгүсүндөгү (мамлекеттик номуру 09-532 ААА) унаа менен «Фольксваген Пассат» үлгүсүндөгү (мамлекеттик номуру l 51-35Z) унаалар кагышкан. Анын кесепетинен 2 унаанын айдоочулары оор жаракат алып, окуя болгон жерде көз жумду. 

Учурда окуянын чоо-жайы, каза болгондордун аты-жөнү такталып жатат.

Мындан тышкары, Жети-Өгүз районундагы жол-транспорт кырсыгынан ата-баланын өмүрү кыйылганы маалымдалган.

ӨКМдин билдирүүсү боюнча, кечээ, 9-августта саат 20:00 чамасында Липенка айылынын кире беришинде «Фольксваген Венто» үлгүсүндөгү (мамлекеттик номуру S 01-28 Н) жеңил унаа жолдон чыгып кетип, даракты сүзгөн. Ал унаанын ичинде бир үй-бүлөдөн 3 адам болгон.

Кырсыктын кесепетинен 1967-жылы туулган Б.Т жана анын уулу – 2010-жылы туулган Т.А. каза болуп, 12 жаштагы уулу оор абалда Каракол шаардык ооруканага тез жардам кызматы тарабынан жеткирилген. Учурда ага дарыгерлер жардам көрсөтүп жатышат.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2262
Көп окулду
×