Бөлүмдөр
Шаршемби, 13-декабрь
69.75    82.26    1.18    KZT 0.21
Ысык-Көл

Жети-Өгүздө бакты сүзгөн унаанын айдоочусу уулу менен каза болду, бир уулу оор абалда

Turmush -  Жети-Өгүз районундагы жол-транспорт кырсыгынан ата-баланын өмүрү кыйылды.

ӨКМдин билдирүүсү боюнча, кечээ, 9-августта саат 20:00 чамасында Липенка айылынын кире беришинде «Фольксваген Венто» үлгүсүндөгү (мамлекеттик номуру S 01-28 Н) жеңил унаа жолдон чыгып кетип, даракты сүзгөн. Ал унаада айдоочу 2 уулу менен бара жаткан. Кырсыктын кесепетинен 1967-жылы туулган Б.Т. жана анын уулу – 2010-жылы туулган Т.А. ошол жерде каза болуп, 12 жаштагы уулу оор абалда Каракол шаардык ооруканага тез жардам кызматы тарабынан жеткирилген. Учурда ага дарыгерлер жардам көрсөтүп жатышат.

Ысык-Көлдүн Түп районунда кечээ, 9-августта жол кырсыгынан дагы 2 адамдын өмүрү кыйылды. Саат 20:10 чамасында Түп районундагы Сары-Булак айылына жакын жерде «Хонда Стрим» үлгүсүндөгү (мамлекеттик номуру 09-532 ААА) унаа менен «Фольксваген Пассат» үлгүсүндөгү (мамлекеттик номуру l 51-35Z) унаалар кагышкан. Анын кесепетинен 2 унаанын айдоочулары оор жаракат алып, окуя болгон жерде көз жумду. 

Учурда окуянын чоо-жайы, каза болгондордун аты-жөнү такталып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1474
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×