При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Бейшемби, 24-август
68.6    80.87    1.16    KZT 0.21

Фото - Тоңдук бийчилердин «Ак-Бермет» тобу Омандагы фестивалга жолдомо алды

Turmush -  Тоң районунун Бөкөнбаев айылынын 51 жаштагы тургуну Жыпара Ыдырысова кыздардан «Ак-Бермет» бий тобун түзүп, 16 жылдан бери бий үйрөтүп келет. Бий тобу тууралуу ал аймактык кабарчыга айтып берди.

Ж.Ыдырысованын айтымында, «Ак-Бермет» бий тобу 2001-жылы мектептер арасында биринчилерден болуп уюштурулган.

«Биз топко 10-12 жаштан жогорку кыздарды алып баштайбыз, быйыл топко 16 жыл болду. Мен өзүм мугалим болуп эмгектенип, кыздарды бийге акысыз үйрөтөм. Айыл жергесинде жашоо-турмуш оор. Бий тобу ачылгандан бери райондук, облустук, республикалык деңгээлде өткөн сынактарга катышып, байгелерге ээ болдук. Тоң району боюнча өткөрүлгөн сынактарга катышып келе жатабыз, кийимдерибизге демөөрчүлөр жардам беришет. 2015-жылы Түркияда өткөн «Ынтымак, сүйүү, достук» фествалына катышып келдик», - деди ал.

Ж.Ыдырысова белгилегендей, алар кыргыз бийинен тышкары 8 улуттун бийлерин бийлешет.

«Жакында «Ак-Бермет» бий тобу Оман мамлекетинин Салалах шаарында өтө турган « Salalax folclor turizm» фестивалына жолдомо алды. Учурда ага даярданып жатабыз. Мындай чет элдик фестивалдарга катышууда башка улуттун өкүлдөрү менен таанышып, жашоого болгон көз караш өзгөрөт экен», - деди ал.

Ж.Ыдырысова бир кыз, бир уулдун апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 206
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу