Бөлүмдөр
Шаршемби, 13-декабрь
69.75    82.26    1.18    KZT 0.21
Ысык-Көл

Караколдук депутаттар шаардагы жаңы мечиттердин курулушуна мораторий киргизүүнү сунушташты

Turmush -  Каракол шаардык кеңешинин депутаттары жаңы мечиттердин курулушуна мораторий киргизүүнү сунушташты. Бул тууралуу шаардык кеңештин төрагасы Эрлан Айсаракунов билдирди.

Анын айтымында, учурда Каракол шаарынын башкы планы иштелип жатат, ошондуктан мечиттердин курулушу боюнча маселе жабык болушу керек.

«Шаардын калкынын санын жана башкы планды эске алуу менен биз кайсыл жерге кандай мечит курууну чечишибиз керек. Бизге азыр мечит жетиштүү, себеби 3 миң кишиге ылайыкташкан борбордук жаңы мечит, дунган жана татар мечиттери бар», - деди ал.

Учурда Каракол шаарында 10дон ашык мечит бар. Ал эми депутаттар жаңы мечиттердин курулушуна мораторий киргизүү маселесин карап жатышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 777
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
16:48,   12.12.2017   ( 10 адам окуп жатат)
×