При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Бейшемби, 24-август
68.6    80.87    1.16    KZT 0.21

Айыл турмушу: Тоңдук Р.Шамырбеков төөсү менен көл жээгинде киреше табат (фото)

Turmush -  Тоң районунун Темир-Канат айылынын 41 жаштагы тургуну Рыспек Шамырбеков Акмая аттуу төө менен көл жээгинде киреше табат. Аймактык кабарчы андан кабар алды.

Өзүнүн айтымында, Акмая быйыл 4 жашта.

«Төөнү 2014-жылы тайлак кезинде Оттук деген айылдан сатып алганбыз. Азыр кунан болду, аты Акмая. Жай мезгилинде элдин каалоосу менен сүрөткө түшөт. Адамдар кызыгып, карап кетишет. Адамдар эмне берсе ошону жей берет. Үйдөн беде чөп жана тикенек чөптөрдү жейт. Чет өлкөлүктөр бирге сүрөткө түшөт, кээ бири коркуп качышат.

Бир жолу төө оттоп жатканда мен оттой берсин деп түштөнүүгө үйгө кетсем, артымдан үйгө чейин ээрчип келиптир. Бала чагынан бакканым үчүн көнүп алган экен. Төөбүздү ыр кесе, майрамдарга чейин катышууга чакырышат. Ошондой эле, Кыргызстандын ырчылары клиптерине тартып кеткен учурлар болду», - деди ал.

Р.Шамырбеков 3 баланын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 461
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу