Бөлүмдөр
Жума, 20-октябрь
68.65    81.04    1.19    KZT 0.21
Ысык-Көл

Тоңдо рейд учурунда 2 мас айдоочу кармалып, 8 унаа айып жайга киргизилди (фото)

Turmush -  Тоң районунда жол коопсуздугун сактоо максатында өткөрүлгөн «Рулду башкаруу» рейдинин жүрүшүндө 8 унаа убактылуу токтотуучу жайга киргизилди. Бул тууралуу Патрулдук милициянын Ысык-Көл облустук бөлүмүнүн 1-ротасынын командири Эмил Жакыпов маалымдады.

Анын маалыматына караганда, рейддин жүрүшүндө 8 айдоочунун документтери болбогондуктан унаалар атайын токтотуучу жайга киргизилди. Ал эми, мас абалда унаа башкарган 2 айдоочу аныкталып, тиешелүү документтер толтурулду.

Рейдде айдоочуларга жол кыймылынын эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 447
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×