Бөлүмдөр
Шаршемби, 13-декабрь
69.75    82.26    1.18    KZT 0.21
Ысык-Көл

Түптө Бүткүл дүйнөлүк эмчек эмизүү жумалыгы аяктады (фото)

Turmush -  Түп районунда Бүткүл дүйнөлүк эмчек эмизүү жумалыгы райондук администрациянын кеңешмелер залында тегерек стол өткөрүү менен жыйынтыкталды.

Акимдин орун басары В.Ситчихин тегерек столду ачып, Үй-бүлөлүк медицина борборунун директору Ж.Жайлымышова, аймактык оорукананын башкы дарыгеринин орун басары К.Алмабеков өздөрүнүн кызматкерлеринин энелер менен алып барган иштерине токтолушса, дең соолукту чыңдоо кабинетинин адиси Н.Кусеева айылдык ден соолук комитетинин мүчөлөрү менен айыл жеринде өткөрүлгөн иш-чаралар тууралуу айтты.

«Адамзат ден соолугу» коомдук бирикмесинин жетекчиси М.Мукамбетов тегерек столдун катышуучулары менен биргеликте 2018-2020-жылдары энелердин эмчек сүтүн эмизүүнү жумалыкта гана эстебей жыл бою колго алуунун 3 жылдык планын иштеп чыгышты. Тегерек столдо жер-жеринде үй-бүлөлөр арасында окутууларды өткөрүү, жөлөкпул алууда документтерди толтурууда жеңилдиктерди түзүүнү айыл өкмөттөрү колго алса деген сунуштарды айтышты.

Андан тышкары, сүйүнчү акча төрөт үйүнөн чыгып жатканда эле берилсе энеге өзгөчө колдоо болорун белгилешти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 794
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
16:48,   12.12.2017   ( 8 адам окуп жатат)
×