Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-июль
Ысык-Көл

Ысык-Көлдө «Ак илбирс» спектакли көрсөтүлүүдө (фото)

Turmush -  Ысык-Көл районунда эл артисти Жамал Сейдакматованын «Ак илбирс» спектакли көрсөтүлүүдө, деп билдирди Turmush басылмасынын кабарчысы.

Спектакль Ж.Сейдакматованын режиссерлугу менен, кино жана сахна актерлорун даярдоо студиясынын окуучуларынын катышуусунда даярдалган. Анда жаныбар менен адам баласынын достугу, адамдардын таш боордугу чагылдырылган. Спектакль жапайы жаратылыштагы эң бир табышмактуу жаныбар болгон ак илбирстин тукумун сактоого багытталган.

Учурда спектакль Ысык-Көл районундагы эс алуу жайларында, лагерлерде коюлууда.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1254
Көп окулду
×