Бөлүмдөр
Жума, 20-октябрь
68.65    81.04    1.19    KZT 0.21
Ысык-Көл

Жети-Өгүздүн эли 47 млн сомго курулган спорт ордонун 10 жылдан бери ишке берилбегенине нааразы (фото)

Turmush -  Жети-Өгүз районуна караштуу Жети-өгүз айылынын тургундары айылдагы спорт ордонун ишке берилбей жатканына нааразы болуп, маданият үйүндө чогулуш өткөрүштү, деп билдирди Turmush басылмасынын кабарчысы.

Тургундардын айтымында, спорт ордонун курулушу 2007-жылы башталып, жалпы 47 млн сомго курулган. Бирок, курулушу аяктаса дагы пайдаланууга берилбей келет.

Айыл жашоочулары спорт ордонун эшигин 10 жылдан бери кулпу кайтарып турганын, спорт ордо ишке берилсе жаштардын машыгуусу үчүн жакшы шарт түзүлөрүн айтышты. 

Тургундардын чогулушуна жергиликтүү депутаттар, айыл аймак башчысы да катышты. Өз кезегинде айыл аймак башчысы А.Сейдакматов спорт ордонун ачылышы 19-августта болорун, тийиштүү спорт жабдыктар алынганын айтты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 425
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×