Бөлүмдөр
Жума, 20-октябрь
68.65    81.04    1.19    KZT 0.21
Ысык-Көл

Жаш талант: Самбо менен машыккан 18 жаштагы Шербол дүйнө чемпиону болууну максат кылууда (фото)

Turmush -  Тоң районунун Бөкөнбаев айылынын 18 жаштагы тургуну Шербол Саламатов самбо менен машыгып, республикалык сынактардан байгелүү орундарды алып келет.

Ш.Саламатовдун айтымында, самбо боюнча дүйнө чемпиону болуу максаты бар. 

«Мен 13 жашымдан бери күрөш менен машыгып келем. Спорттун бул түрү мага абдан жагат. Күчтүү болуп, өзүмдү коргоого дагы күчүм жетет. Республикалык деңгээлде өткөн сынактарда байгелүү орундарга ээ болгом. Кийин Кыргызстандын биринчилигинде дагы жеңишке жетиштим.  Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарында өткөн мелдештерге катышып, көптөгөн сыйлыктарды алдым. Дагы талыкпай машыгып, эл аралык жана дүйнөлүк мелдештерге чыгып, дүйнө чемпиону болууну максат кылып жатам», - деди ал.

Шербол үй-бүлөдө 4 бир туугандын экинчиси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 555
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×