При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Бейшемби, 24-август
68.6    80.87    1.16    KZT 0.21

Жети-Өгүздүн Липенка айылындагы көйгөйлөр коомдук угууда талкууланды (фото)

Turmush -  Бүгүн, 8-августта Жети-Өгүз районуна караштуу Липенка айылында жергиликтүүлөрдүн маселелерин талкууга алган коомдук угуу болду. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысы билдирди.

Коомдук угууда жол, таза суу, бала бакча жана социалдык маселелер талкууга алынды. Тургундар жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү менен айылдык депутаттарга көйгөйлөрүн айтышып, аларды чечүүнүн жолдорун талкуулашты.

Айыл аймак башчысы У.Докоевдин маалыматына караганда, учурда айыл аймактын 4 айылынын биринде да бала бакча жоктугунан балдар кезек күтүп турушат. Таза суу көйгөйү да курч бойдон турат.

Ал белгилегендей, Липенка айыл аймагында 4500 түтүн калк жашайт. 2016-жылдын бюджети 14 млн сом болсо, 2017-жылда 15 млн сомду түзгөн. Коомдук угууда бюджетти бөлүштүрүү маселеси да талкууланды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 304
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу