Бөлүмдөр
Жума, 20-октябрь
68.65    81.04    1.19    KZT 0.21
Ысык-Көл

Ак-Суунун Октябрь айылынын эли салык төлөөдө банктардын кызмат акысы кымбат болгонуна нааразы

Turmush -  Ак-Суу районунун Октябрь айылынын тургундары салык төлөөдө банктардын кызмат акысы кымбат болуп жатканына нааразы болууда. Бул тууралуу айыл өкмөттүн башчысы Бакыт Акмолдоев билдирди.

Анын айтымында, жергиликтүүлөр салыктан кутулалы деп акча таап барса, банктар да кызмат акы сурап, элеттиктерге кыйынчылык жаралууда.

«Маселен, бир эле адам салыктын 3 түрүнөн кутулайын деп 100 сомдон 300 сом төлөсө, банк ар биринин кызмат акысы үчүн 20 сомдон 60 сомго чейин акы алууда. Бул жумушу жок элеттиктер үчүн өтө эле оор болуп калат. Мындай кызмат акы төлөөгө тургундар азырынча даяр эмес», - деди Бакыт Акмолдоев.

Өз кезегинде Ак-Суу райондук мамлекеттик администрациянын өкүлдөрү бул маселени чечүү үчүн банктардын өкүлдөрү менен жолугуп, сүйлөшүү жүргүзүүнү убадалашты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 451
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
18:42,   19.10.2017   ( 11 адам окуп жатат)
×