При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Бейшемби, 24-август
68.6    80.87    1.16    KZT 0.21

Ысык-Көлдүн жээгинде эс алып жүргөн киши кайындарынын 8 жаштагы уулуна ыплас аракеттерди жасаган

Turmush -  Ысык-Көлдүн жээгинде эс алып жүргөн жеринен кайындарынын 8 жаштагы уулуна ыплас аракеттерди жасаган киши камакка алынды.

Жергиликтүү милициядан Turmush басылмасына маалым болгондой, ыплас мамиле тууралуу Ысык-Көл РИИБге Өрнөк айылынын 19 жаштагы жашоочусу билдирген. Окуя кечээ, 7-августта саат 15:00 чамасында Өрнөк айылынын аймагында көлдүн жээгинде болгон.

Күбөнүн айтымында, көл жээкте жүргөн эркек киши баланы токой тарапка сүйрөп кирип кеткенин көрүшкөн. Ага тынсызданган апасы ал киши баланы сабап коюшу мүмкүн деп, уулун карап келүүгө жөнөткөн.

Күбөнүн көрсөтмөсүндө: «Токой тарапка барып, дөңгө чыгып карасам эркек киши ич кийимин чечип, жерге жатып алып, жаш баланын оозуна жыныстык мүчөсүн салууга аркет кылып жатыптыр. Ошол учурда ал кишиге «эмне кылып жатасың?» деп кыйкырсам, ал чоочуп тура калды», - деп айтылат.

Бул факты боюнча топтолгон маалыматтар Ысык-Көл РИИБге берилип, КРнын Кылмыш-жаза кодексиндеги 130-берененин 4-бөлүмү менен кылмыш иши козголду. Алгачкы тергөө иштери менен шектүү Чүйдүн Сокулук районундагы Беловодск айылынын 1981-жылы туулган тургуну экени маалым болду. 2009-жылы төрөлгөн жабырлануучу шектелип жаткан жездеси менен бирге жашап жүргөн. Айрым маалыматтар боюнча, баланын ата-энеси учурда Россияда эмгектенип жүрөт. 

Учурда шектүү Ысык-Көл районунда убактылуу камакка алынып, тергөө иштери улантылып жатат.  

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 7118
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
16:23,   24.08.2017   ( 13 адам окуп жатат)
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу