Бөлүмдөр
Шаршемби, 13-декабрь
69.75    82.26    1.18    KZT 0.21
Ысык-Көл

Айыл турмушу: Тоңдук 17 жаштагы Каныбек жасаган боз үйлөр Сауд Арабия, Түркияга сатылат (фото)

Turmush -  Тоң районунун Кызыл-Туу айылынын 17 жаштагы тургуну Каныбек Болотов 75 баштуу боз үйлөрдү жасайт. Ал боз үй жасаганды кичине кезинде эле атасынан үйрөнгөнүн айтты.

«Мен эс тарткандан бери атам боз үй жасап келет. Атам жаш кезинде айылда аз эле киши боз үй жасачу экен. Кийин ал айылдагы алдыңкы усталардан боз үй жасаганды үйрөнүптүр. Өз алдынча иштеп баштагандан тарта мага дагы үйрөттү. Азыр мен боз үй жасоонун ыкмаларын мыкты өздөштүрүп калдым. Боз үйдүн жыгачы он эки канат, сегиз канат, алты канат, төрт канат же жүз баштуу, сексен баштуу, жетимиш баштуу, элүү баштуу деп айтылат. Чоң-кичинесин далилдеген үйдүн башы сайылган ууктун саны менен өлчөнөт. Тигип-чечүүгө жана көчүп-конууга, ички эмеректеринин жайгашуусуна 55-65-75 баштуу үйлөр арбын жасалат. Биз 75 баштуу боз үйлөрдү жасайбыз. Керектүү талды ийип, түздөп, ошол талды жылмакай кылып жасайбыз. Боз үйдүн майда жабдуулары көп болот. Алсак, түндүккө эки желбоо жип тагылат. Шамал болгондо анын пайдасы абдан чоң. Кырчоо менен (курчоо) туурдуктарды бастырып, боз үйдү айланта курчап коёт. Түндүк жабдууга да жип байланат. Жиптерден башка ак сызмалар жана үзүк, туурдуктарга терилип түр салынып жасалган сызмалар жасалат», - деди Каныбек.

Ал белгилегендей, бир жылда атасы экөө 5 боз үй жасашат.

«Биз даярдаган боз үйлөрдү Сауд Арабия менен Түркияга көп алып кетишет. Азыр 100 баш боз үй бар. Атам экөөбүз жылына 5 боз үй жасайбыз. Келечекте боз үй жасоо боюнча мыкты адис болууну каалайм», - деп кошумчалады уста жигит.


Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1704
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
16:48,   12.12.2017   ( 10 адам окуп жатат)
×