Бөлүмдөр
Шаршемби, 13-декабрь
69.75    82.26    1.18    KZT 0.21
Ысык-Көл

Фото — Жети-өгүздүк жазуучу С.Бейшембиев жазуусу бар таштарды тапты

Turmush -  Жети-Өгүз районунун Жон-Булак айылынын 77 жаштагы тургуну, эмгектин ардагери жана жазуучу Сабырбек Бейшембиев жазуусу бар таштарды тапты. Аймактык кабарчы жазуучу тапкан жана атайын курчоого алынган тегерек ташка күбө болду.

С.Бейшембиевдин айтымында, ал жакында Ырдык коктусундагы кыяндан кийин беттеринде жазуулардын, сүрөттөрдүн элеси түшүрүлгөн таштарды тапкан.

«Тоголок, атайын жасалгандай, бир четинде сызыкча белгиси бар ташты жөнөкөй таш эмес деп алып келип койгом. Эгер алып келип койбосом, эчак эле талкаланып, бирөөлөрдүн пайдубалына пайдаланылып кетмек. Азыр үйүм мектептин жанында болгондуктан окуучулар мугалимдери менен келип, кызыгып карап кетишет. Белгилүү жазуучу, сүрөтчү Айдарбек Сарманбетов менен акын, жазуучу, «Кыргыз туусу» гезитинин Ысык-Көл облусу боюча өз кабарчысы Жээнбай Түрк таштарды сүрөткө тартып алып, Бишкекке баргандан кийин таштагы жазууларды окуй турган окумуштууларга көрсөтмөй болду», - деди эмгектин ардагери.

С.Бейшембиев «Хан Белек баяны», «Бөрү баатыр», «Бугу уруусунун элчиси Качыбек», «Кыргыз-казак акыны Жөжө» жана башка тарыхый китептердин автору болуп саналат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1050
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
16:48,   12.12.2017   ( 8 адам окуп жатат)
×