При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Бейшемби, 24-август
68.6    80.87    1.16    KZT 0.21

Айыл турмушу: Ысык-көлдүк жубайлар бакчасына дарбыз өстүрүп, айылдаштарын таң калтырышты (фото)

Turmush -  Жети-Өгүз районунун Ичке-Булуң айылынын тургундары Талантбек Түмөнбаев менен Анара Төрөгелдиева бакчасында дарбыз өстүрүп, айылдаштарын таң калтырууда.Аймактык кабарчы дыйкан үй-бүлөдөн кабар алды.

Жубайлар алгачкы жолу 3 жыл мурун дарбыз өстүрүп, бирок суунун жетишпегенинен улам түшүм жакшы болбой калгандыгын айтышты.

«Быйыл дарбызды күнөс жерге айдап, убагында сугарып жаттык. Түшүмү жакшы болуп жатат. Эң чоң дарбыздын салмагы 3 килограммга жетти. Мындан бир нече жыл мурун атам дарбыз, анделек айдайм десе көпчүлүк адамдар ишенишкен эмес. Кийин андан жакшы түшүм алганда эл таң калган. Атам менен апам кабыгы жука, ичи кыпкызыл болгон даамдуу дарбыздарды, жыты аңкыган анделектерди кеч күзгө чейин жыйнап, той-топурларга барганда таттууларга кошуп салып барып, элди таң калтырышкан. Андан кийин бир нече жыл катары менен агам да өстүрүп жүрдү. Эми агам менен жеңемдин бакчасын көрүп сүйүнүп отурам», - дейт Талантбек Түмөнбаевдин карындашы Жазгүл.

Ал эми Анара Төрөгелдиеванын айтымында, Ысык-Көлдө өскөн дарбыздын кабыгы жука болуп, даамы өтө таттуу болот.

«Мурун кайнатам менен кайненем дарбызды кашарга өстүрчү. Кийин атамдын аркасынан бир нече жыл ошол жерде биз өстүрүп жүрүп, быйыл айылга эктик. Буйруса сентябрдын ортосунда ооз тийебиз. Дарбыздын уругун жазында эле сепкенбиз. Былтыр айдаган жерге суу келбей, чыкпай калган эле. Ал сууну көп талап кылган, кум жерге жакшы чыгат экен. Биздеги дарбыздардын даамы өтө таттуу, кабыгы жука болуп өсөт», - деди А.Төрөгелдиева.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1511
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу