Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-июль
Ысык-Көл

Ысык-Көлгө эс алууга келген адам 7 жаштагы тууганына ыплас аракеттерди жасады

Turmush -  Кечээ, 7-августта Ысык-Көл районунун Өрнөк айылында өзүнүн 7 жаштагы тууганына ыплас аракеттерди жасоого шектелген 36 жаштагы адам кармалды.

Алдын ала маалыматтарга караганда, шектүү Москва районунун Беловодск айылынын 1981-жылы туулган тургуну. Ал Өрнөк айылына эс алууга келип, ижарага боз үй алган. Ыплас аракеттерди жасаган учурда мас абалда болгон.

Айрым маалыматтарга караганда, ата-энеси Россияда иштегендиктен 7 жаштагы баланы ал өзү тарбиялап жүргөн. Окуя тууралуу милицияга жергиликтүү тургундар билдиришкен. Учурда шектүү камакка алынып, иликтөө иштери жүрүп жатат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1865
Көп окулду
×