Бөлүмдөр
Шаршемби, 13-декабрь
69.75    82.26    1.18    KZT 0.21
Ысык-Көл

Ак-Сууда 50 жыл мурун курулган тарыхый белгилер (фото)

Turmush -  Ак-Суу районунун Тепке айылында мындан 50 жыл мурун орнотулган тарыхый белгилер азыр да актуалдуу, деп эсептейт эмгектин ардагери Жекшен Сариев.

Анын айтымында, Бишкек—Каракол унаа жолунун айылга бурулуштагы эки четинде тынчтыктын символу болгон көгүчкөндүн таштан курулган чоң белги жана «Тынчтык биздин бактыбыз» деген жазуу ары-бери өткөн адамдарды тынчтыкка, ынтымакка жана эмгекке чакырып турат.

«Бул тарыхый белгилер Улуу Октябрь революциясынын 50 жылдыгына карата 1967-жылы курулган, андан бери 50 жыл өттү. Заман өзгөрүп жатат, бирок бул белгилер дагы эле актуалдуулугун кетире элек», - дейт Жекшен Сариев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 663
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
16:48,   12.12.2017   ( 10 адам окуп жатат)
×