При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Бейшемби, 24-август
68.6    80.87    1.16    KZT 0.21

Ысык-Көлдө жарым жылда кутурган карышкырлар адамдарга бир нече жолу кол салган

Turmush -  Ысык-Көл облусунда ушул жылдын 6 айында жаныбарлар тиштеп, медициналык жардам сурап кайрылгандардын саны 414 адамга жеткен. Бул тууралуу Каракол шаардык санэпидкөзөмөл борборунан маалымдашты.

Маалыматка караганда, облустун аймагында кутурма оорусу боюнча эпидемиологиялык абал начар бойдон калууда.

«Жаныбарлар тиштеген адамдардын ичинен 209ун 14 жашка чейинки балдар түзгөн. Жалпы 356 адамды ит тиштеген.

Мындан тышкары, Тоӊ районунун Калкагар айылында кутурган карышкырлар адамдарга жана үй жаныбарларына бир нече ирет кол салган. Ак-Суу районунун Ак-Чий, Каракол, Чолпон айылдарында кармалган түлкүлөрдөн кутурма оорусу аныкталган», - деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 380
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу