Бөлүмдөр
Жума, 20-октябрь
68.65    81.04    1.19    KZT 0.21
Ысык-Көл

Жети-Өгүздө Малчылар күнү белгиленди (фото)

Turmush -  4-августта Жети-Өгүз районунун Ак-Шыйрак айыл аймагына караштуу Кара-Сай айылында Малчылар күнү белгиленди, деп билдирди Turmush басылмасынын кабарчысы.

Иш-чарага ЖКнын депутаттары, өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Узарбек Жылкыбаев жана Жети-Өгүз районунун акими баштаган айыл өкмөт кызматкерлери, райондук айыл чарба департаментинин жана райондук ветеринария кызматынын өкүлдөрү катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө келген коноктор малчыларга каалоо-тилектерин айтышып, жол, электр энергия жана уюлдук байланыш маселелерин чечүүгө жардам беришерин белгилешти. Ошондой эле, алдыңкы малчыларга Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин, өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн жана райондук жетекчилердин атынан «Ардактуу атуул» наамы жана ардак грамота менен ыраазычылык каттар тапшырылды.

Мындан тышкары, спорттук мелдештер өткөрүлүп, концерттик программалар тартууланды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 462
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
18:42,   19.10.2017   ( 9 адам окуп жатат)
×