Бөлүмдөр
Жума, 20-октябрь
68.65    81.04    1.19    KZT 0.21
Ысык-Көл

Бала тили — бал: Сүйгөнүм Эвкайым сулуу анан татынакай кыз, - 4 жаштагы Умар

Turmush -  Кичинекей балакайлардын айлана-чөйрөгө көз караштары кандай? Алар сүйүүнү, жаман-жакшыны, таарыныч-сагынууну кандай түшүнөт? Ата-энелер жашоо-тиричилик менен жүрүп, балдарынын ой жүгүртүүлөрүн аңдабай калышы мүмкүн. Бул жолку каарманыбыз — ата-энеси менен Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда жашаган 4 жаштагы Умар Кылыч уулу.

- Атың ким?

- Умаар.

- Канчадасың?

- Төттө (колу менен көрсөтүп).

- Үйдөн кимди аябай жакшы көрөсүң?

- Апам, анан атам.

- Кимдин баласысың?

- Атам Кывыычтын (Кылыч) баласымын.

- Сүйүү, жакшы көрүү деген эмне?

- Ооба, мунун бары сонун сөздөр.

- Кайсы тамакты жакшы көрөсүң?

- Самса жагат.

- Аны ким бышырып берет?

- Самсаны атам жасап берет (күлүп).

- Чоңойгондо ким болосуң?

-  Мен чоңойгондо доктур болом.

- Доктур эмне кылат?

- Доктур тил алган жакшы балдарга укол саят.

- Сүйгөн кызың барбы?

- Ооба, бар садикте.

- Анын аты ким?

- Анын аты Эвкайым (Эркайым), ал сулуу анан татынакай кыз.

- Канча бир туугансың?

- Мен төвт (төрт) бир тууганым бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1023
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×