При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Бейшемби, 24-август
68.6    80.87    1.16    KZT 0.21

Чериктеги дыйкандар 60 тонна сарымсак жыйнашты

Turmush -  Ак-Суу районунун Бөрү-Баш айыл аймагындагы Черик айылында 60 тонна сарымсак жыйналды. Бул тууралуу Черик айылынын тургундары маалымдады, деп билдирет аймактык кабарчы.

Алардын айтымында, Черик айылынын дыйкандары сарымсак өстүрүүнү жакшы өздөштүрүп алышкан. Алар жыл сайын сарымсактан жогорку түшүм жыйнашат. Өткөн жылы дыйкандар 1 кг сарымсакты 200 сомго чейин өткөрүп, жакшы киреше алышкан.

Быйыл да айыл тургундары өздөрү өстүргөн сарымсактан 60 тоннадан ашык түшүм жыйнашты. Алар сарымсактын товардык көрүнүшүн, салмагын жоготпоонун аракетин көрүп, аларды боолап, өрүп, кургак жана көлөкө жайга илип, баанын чечилишин күтүп жатышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 587
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу