Бөлүмдөр
Жума, 20-октябрь
68.65    81.04    1.19    KZT 0.21
Ысык-Көл

Балыкчыда баласы сабалган аял шектүүлөрдүн үстүнөн арыз жазуудан баш тартты

Turmush -  Балыкчы шаарында баласы сабалган ата-эненин арыз жазуудан баш тартканына карабастан шектүү адамдарга карата милиция тарабынан кылмыш иш козголду. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 3-август күнү саат 8:00 чамасында Балыкчы ШИИБдин нөөмөт бөлүмүнө шаардык ооруканадан 16 жаштагы И.Алмаз токмоктолуп түшкөнү жөнүндө маалымат келген. Тергөөчү ыкчам топ барып, өспүрүм 2-август күнү саат 20:30 чамасында сабалганын такташкан.

Балыкчы шаарындагы Кырчын орто мектебинин 10-классынын окуучусу И.Алмаз көл жээгинен келе жатканда кара түстөгү «Мерседес» үлгүсүндөгү унаа токтоп, ичинен түшкөн азиат түспөлүндөгү, 25-30 жаштар чамасындагы 2-3 адам эч себепсиз сабап, белгисиз тарапка качып кетишкен. Териштирүү учурунда өспүрүмдүн 38 жаштагы апасы А.Чынара «эч кимге эч кандай доом жок, териштирүүнү токтотуп берүүңүздөрдү суранам» деп өтүнүч арыз менен кайрылып, арыз жазуудан баш тарткан.

Ага карабастан Балыкчы ШИИБдин тергөө кызматы тарабынан бул факты боюнча ээнбаштык беренеси менен кылмыш иш козголду. Жабырлануучу өспүрүмгө соттук-медициналык экспертиза дайындалып, шектүү адамдардын ысымдарын аныктоо иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 790
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
18:42,   19.10.2017   ( 10 адам окуп жатат)
×