Бөлүмдөр
Шаршемби, 18-июль
Ысык-Көл

Ак-Булак айылындагы энелер бала эмизүүнүн артыкчылыктары менен таанышты (фото)

Turmush -  Түп районунун Ак-Булак айылындагы үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунда Бала эмизүүнүн бүткүл дүйнөлүк жумалыгына карата иш-чара өттү, деп билдирет аймактык кабарчы.

Маалым болгондой, бул иш-чарага бала эмизген энелер катышып, эмчек сүтү жана анын бала үчүн баалуулугу, кошумча тамактанууга байланышкан суроолорго жооп беришти. Ошондой эле, алар балага жаш өзгөчөлүгүнө карата витаминдүү тамактарды жасоо жолдорун көрсөтүшүп, бешик ырларын ырдашты.

«Бала эмизүүнүн жумалыгына даярдыкты мурунку эле аптада көргөнбүз. ҮДТ менен ФАПтардын кызматкерлерине жана АДК мүчөлөрүнө бала эмизүү тууралуу семинарларды өткөргөнбүз. Ушундай иш-чаралар район боюнча да өтүп жатат», - деди Түп районунун үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун директору Ж.Жайлымышова.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1644
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×