Бөлүмдөр
Жума, 20-октябрь
68.61    80.6    1.2    KZT 0.21
Ысык-Көл

Ысык-Көлдө өзбекстандык бийчилердин унаасы катышкан авариядан 10 адам жабыркады, алардын үчөө жаш балдар (тизме)

Turmush -  Бүгүн, 3-августта түшкө маал Каракол—Ананьев жолунун 17-чакырымында 2 унаанын кагылышуусунан жабыркаган адамдардын өздүгү такталды. Кырсыктын кесепетинен жалпы 10 адам жабыркап, алардын ичинен тогузу (алардын үчөө жаш балдар) ооруканага жаткырылган. Алардын бешөө өзбекстандык бийчилер болсо, калган жабырлануучулар жергиликтүүлөр.

Ысык-Көл РИИБдин патрулчусу Тимур Кадыралиев кабарчыга билдиргендей, жүргүнчүлөрдү ташуучу «Фольксваген lt-35» унаасы Ысык-Көл районундагы Чоң-Сары-Ой айылынан чыккан. Кызыл-Өрүк айылына жеткенде каршы жолдон «Мазда Демио» үлгүсүндөгү жеңил унаа чыгып, капталы менен кагышкан. Анын кесепетинен жүргүнчүлөрдү ташуучу унаа капталынан кулаган. Жеңил унаада 3 адам, экинчи унаада 15 адам болгон.

Балыкчы шаардык ооруканасынын башкы дарыгери Талант Жумагазиевдин айтымында, тез жардам кызматы ооруканага 10 адамды жеткирген.

«Учурда 6 жабырлануучу травматология бөлүмүндө, 3 адам хирургия бөлүмүндө дарыланып жатат. Учурда барынын абалы канааттандырарлык», - деди дарыгер.

Кырсыктан жабыркаган өзбекстандык бийчилер Ысык-Көл районуна 13 күн мурун келишкени белгилүү болду.

Жабырлануучулар (Өзбекстандын жарандары):

- 1952-жылы туулган Людмила;

- 1976-жылы туулган Елена;

- 1959-жылы туулган Жанна;

- эгиздер — 2006-жылы төрөлгөн Вера жана Игорь.

Кыргызстандын жарандары:

- 1953-жылы туулган Шарапат;

- 1982-жылы туулган Дилноза;

- 1996-жылы туулган Феруза;

- 2009-жылы туулган Мафтунабек.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 816
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×