Бөлүмдөр
Жума, 20-октябрь
68.61    80.6    1.2    KZT 0.21
Ысык-Көл

Фото - Караколдогу банктын жоголгон кызматкери Россияга учуп кеткен, - милиция

Turmush -  Ысык-Көл облусундагы милиция кызматкерлери коммерциялык банктын дайынсыз жоголуп жаткан кызматкери Е.Лященконун жүргөн жерин аныктады. Бүгүн, 3-августта ОИИБдин басма сөз кызматы билдирген маалымат боюнча, «Азия Банкы» ЖАКтын Караколдогу бөлүмүнүн төлөм карталары боюнча адиси Е.Лященко 27-июлда саат 12:45ке чейин жумушта болгон. Түшкө жакын кеңседен чыгып кеткен бойдон аны эч ким көргөн эмес.

Ал кеңседен кеткенге чейин түшүнүк кат жазып, кардарлардын төлөм карталарын алмаштырып алганын, андан улам 182 миң сом суммадагы каражат жетпей жатканын айткан. Бирок, кыска убакыт ичинде бул сумманы кайтарып, өз каалоосу менен жумуштан бошотуу суранычы менен арыз жазып калтырган.

Анын жоголушу боюнча ыкчам иликтөө иштери жүргүзүлүп, 28-июлда саат 14:22де Бишкек шаарындагы «Манас» эл аралык аэропортунан Россиянын Москва шаарына баруучу № 111881 каттамына каттоодон өткөнү белгилүү болгон.

Учурда Е.Лященконун Россия Федерациясында жүргөн жерин аныктоо иштери улантылып жатат.

Окуя тууралуу:
Ысык-Көл ОИИБдин катчысы Сталбек Усубакуновдун билдирүүсү боюнча, арыздануучу — 1953-жылы туулган Г.И. кызы — 1987-жылы туулган Е.Лященко 27-июлда саат 07:50 чамасында үйүнөн жумушка чыгып кеткен бойдон кайтып барбаганын билдирген. Апасынын айтымында, алардын үйүндө эч кандай чыр-чатак болгон эмес. Бул билдирүүдөн кийин Каракол ШИИБдин тергөөчүлөрү ыкчам тергөө иштерин башташкан.

Алдын ала маалыматтар боюнча, 1987-жылы төрөлгөн Екатерина Лященко 2017-жылдын 27-июлунда саат 13:00 чамасында «Азия Банкы» ЖАКтын кеңсесинен түштөнүүгө чыккандан кийин эч ким көргөн эмес.

Кыргыз жигит менен турмуш куруп, 3 баланын апасы болгон Е.Лященко коммерциялык банкта 1,5 жылдан бери эмгектенип жаткан. Аны тааныгандар үлгүлүү жубай жана балдарына карамдуу эне катары билишчү.

Аталган банктын Караколдогу өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Эмил Акматов Екатерина иштен кетүү боюнча арыз жазганын жокко чыгарууда.

«Е.Лященко биз менен 2016-жылдын апрель айынан бери иштешип келген. Ал — төлөм карталары боюнча адис. Ишине так жана жумушка убагында келип, убагында кетет. Кесиптештери менен да жакшы мамиледе. Ал жоголгон убакта мен эмгек өргүүдө болчумун. Ал иштен кетүү тууралуу арыз жазган эмес. Түштөнүүгө чыккан боюнча жумушка келбептир», - деди Э.Аматов.

Екатеринанын тууганы Элизбар Данапияевдин айтымында, бардык милиция бөлүмдөрүн, ооруканаларды жана Екатерина болушу мүмкүн делген жерлерди кыдырып чыгышты.

«Банктын жетекчилиги Екатеринанын мындай чечимине өтө таң калып жатышат. Алардын айтымында, буга чейин ал эч кандай эреже бузган эмес. Учурда аны туугандары, жолдошу жана 3 баласы күтүп жатат», - деп кошумчалады Элизбар Данапияев.

Екатерина тууралуу маалыматы барлар туугандары менен 0701 997 099 же 0559 466 420 телефон номурлары аркылуу байланышса болот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 13792
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×