Бөлүмдөр
Жума, 20-октябрь
68.61    80.6    1.2    KZT 0.21
Ысык-Көл

Фото - Караколдо банктын кызматкеринин жоголушу боюнча версиялар каралып жатат

Turmush -  Каракол шаарында коммерциялык банктын кызматкеринин жоголушу боюнча версиялар каралып жатат. Ал жоголгондон бир суткада өткөндөн кийин апасы милиция кызматкерлерине кайрылган.

Ысык-Көл ОИИБдин катчысы Сталбек Усубакуновдун билдирүүсү боюнча, арыздануучу — 1953-жылы туулган Г.И. кызы — 1987-жылы туулган Е.Лященко 27-июлда саат 07:50 чамасында үйүнөн жумушка чыгып кеткенин билдирген. Апасынын айтымында, алардын үйүндө эч кандай чыр-чатак болгон эмес. Бул билдирүүдөн кийин Каракол ШИИБдин тергөөчүлөрү ыкчам тергөө иштерин башташкан.

Алдын ала маалыматтар боюнча, 1987-жылы төрөлгөн Екатерина Лященко 2017-жылдын 27-июлунда саат 13:00 чамасында «Азия Банкы» ЖАКтын кеңсесинен түштөнүүгө чыккандан кийин эч ким көргөн эмес.

Кыргыз жигит менен турмуш куруп, 3 баланын апасы болгон Е.Лященко коммерциялык банкта 1,5 жылдан бери эмгектенип жаткан. Аны тааныгандар үлгүлүү жубай жана балдарына карамдуу эне катары билишчү.

Аталган банктын Караколдогу өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Эмил Акматов Екатерина иштен кетүү боюнча арыз жазганын жокко чыгарууда.

«Е.Лященко биз менен 2016-жылдын апрель айынан бери иштешип келген. Ал — төлөм карталары боюнча адис. Ишине так жана жумушка убагында келип, убагында кетет. Кесиптештери менен да жакшы мамиледе. Ал жоголгон убакта мен эмгек өргүүдө болчумун. Ал иштен кетүү тууралуу арыз жазган эмес. Түштөнүүгө чыккан боюнча жумушка келбептир», - деди Э.Аматов.

Екатеринанын тууганы Элизбар Данапияевдин айтымында, бардык милиция бөлүмдөрүн, ооруканаларды жана Екатерина болушу мүмкүн делген жерлерди кыдырып чыгышты. Анын телефону өчүрүлүү болуп жатат. Азырынча телефон аркылуу жүргөн жерин аныктоо аракеттери көрүлүүдө.

«Банктын жетекчилиги Екатеринанын мындай чечимине өтөт таң калып жатышат. Алардын айтымында, буга чейин ал эч кандай эреже бузган эмес. Учурда аны туугандары, жолдошу жана 3 баласы күтүп жатат», - деп кошумчалады Элизбар Данапияев.

Екатерина тууралуу маалыматы барлар туугандары менен 0701 997 099 же 0559 466 420 телефон номурлары аркылуу байланышса болот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 755
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×