Бөлүмдөр
Шаршемби, 13-декабрь
69.75    82.26    1.18    KZT 0.21
Ысык-Көл

Түп районунда кара куурайды жок кылуу иштери улантылууда

Turmush -  Ысык-Көл облусунун Түп районунда жапайы өскөн кара куурайды жок кылуу боюнча «Мак-2017» операциясынын алкагында 224,55 га аянттагы кара куурай жок кылынды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга атайын түзүлгөн штабдын катчысы Жазгүл Алибекова билдирди.

Анын айтымында, 402,89 гектар аянттын 64,5 гектарындагы кара куурай механикалык жол менен, 58,25 гектар аянты кол күчү менен, 101,9 гектары химиялык жол менен жок кылынган.

«Аймактык инспекторлор жана жергиликтүү кеңештин депутаттары тарабынан жүргүзүлгөн эскертүүлөргө маани бербеген 31 адамга административдик протоколдор түзүлүп, 2900 сом айып салынды. Жума сайын өтүп жаткан ишембиликтерден тышкары 13 айыл өкмөттө түзүлгөн 20 бригададагы 70 адам кара куурайды тазалоону улантууда», - деди Ж.Алибекова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 790
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
16:48,   12.12.2017   ( 9 адам окуп жатат)
×