Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-июль
Ысык-Көл

Балыкчы—Чолпон-Ата жолундагы унаа кырсыктан 2 аял, 12 жаштагы кыз каза болду (тизме)

Turmush -  Балыкчы—Чолпон-Ата унаа жолунун Ысык-Көл районундагы 40-чакырымында жеңил унаалардын кагышуусунан 3 жүргүнчү — 2 аял жана 12 жаштагы кыз каза болду. Жабырлануучулардын үчүнчүсү ооруканадан көз жумган.

ӨКМдин билдирүүсү боюнча, окуя кечээ, 2-августта саат 09:25 чамасында болуп, 2 бөлүмдүн куткаруучулары жардам көрсөттү.

Кийинчерээк Turmush басылмасынын кабарчысы тактаган маалымат боюнча, «Тойота Ист» (мамлекеттик номур D 6739 AW) унаасын Бишкек шаарынын 1961-жылы туулган тургуну М.Талгат чыгыштан батыш тарапты көздөй башкарып бара жаткан.

«Хонда Стрим» үлгүсүндөгү унаа (мамлекеттик номуру B 9951 AU) Ош облусундагы Арык-Бою айылынын 1993-жылы туулган тургуну М.Нурмухаметтин башкаруусунда болчу. Аталган 2 унаа бет маңдай сүзүшүп, андан кийин Оштогу Өтөгөн айылынын 1974-жылы туулган тургуну Ш.Адилеттин башкаруусунда артынан келе жаткан «Фольксваген Венто» (мамлекеттик номуру S 2494 G) унаасы менен сүзүшкөн.  

Окуянын кесепетинен 3 кадам каза болду:

- «Хонда Ист» унаасынын жүргүнчүсү — Бишкек шаарынын 2005-жылы туулган тургуну М.Гузальбанум;

- «Хонда Ист» унаасынын жүргүнчүсү — Бишкек шаарынын 1969-жылы туулган тургуну М.Гүльзара;

- «Хонда Стрим» унаасынын жүргүнчүсү — Баткен облусунун 1932-жылы туулган тургуну Г.Калбүбү (балыкчы шаардык ооруканасынын жанданыруу бөлүмүндө каза болду).

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3404
Көп окулду
×