При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Бейшемби, 24-август
68.6    80.87    1.16    KZT 0.21

Түп районунун 3 тургуну жылан кантип чакканын айтып беришти (фото)

Turmush -  Түп районунун ооруканасында июнь айында 4 адам, июль айында 11 адам жылан чагып дарыланып чыгышты. Бул тууралуу райондук оорукананын башчысынын дарылоо боюнча орун басары К.Алмабеков билдирди.

Анын айтымында, жылан чаккандардын басымдуу бөлүгү тоо этектеринде жайгашкан айылдардын тургундары болуп саналат.

080808

Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы аталган ооруканада жылан чагып, дарыланып жаткан тургундардан кабар алды.

070707

Замир уулу Бексултан 2003-жылы Түп районунун Кең-Суу айылында туулган. Ал ат издеп жүргөндө айылдан анча алыс эмес Ой-Четин коктусунан жылан чагып алган. Ошол жерден эле футболкасын айрып, аны бутуна таңып алып, үйүнө аксап жеткен. Аны жакындары райондогу оорукананын кайра жандандыруу бөлүмүнө өз убагында алып келип, 1 жумадан бери дарыланып жатат. Ал жакын арада ооруканадан чыгарын айтты.

090909

050505

1991-жылы Кең-Суу айылында төрөлгөн Орозбек уулу Бактияр Лесхоз коктусунда ат тушап келе жатканда бутун жыланга чактырып алган. Бутун жип менен таңып алып үйүнө жеткенде, атасы Орозбек жыландын уусун соруп чыгарган. Бул жигитке да кайра жандандыруу бөлүмүнөн өз убагында дарылоо жүргүзүлгөн. Учурда хирургия бөлүмүндө дарыланып жаткан Бактияр 1-2 күндө үйгө чыгып кетем деп турат.

060606

Байзак айылынын 42 жаштагы тургуну Айнура Давлеткелдиева үйүнөн чыгып келе жатып коридордо жаткан жыланды басып алган. Азыркы учурда ал дагы ооруканада дарыланып жатат.

Дарыгерлер жыландар тургундарды көбүнчө өтүк кийбей тоо аралаган мезгилде жана байкабай калган учурда чагып жатканын белгилешти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 737
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу