Бөлүмдөр
Жума, 20-октябрь
68.65    81.04    1.19    KZT 0.21
Ысык-Көл

Маяк айылында сууга чөктү деген жигит көлдүн аркы өйүзүнөн сүзүп келди, - ӨКМ

Turmush -  Түп районунун Маяк айылында сууга чөктү деген 27 жаштагы жигит көлдүн аркы өйүзүнө сүзүп кеткен. Бул тууралуу ӨКМдин Түп райондук бөлүмүнүн башчысы Бакыт Казакпаев билдирди.

Маалым болгондой, Маяк айылындагы тургундар 27 жаштагы жигитти сууга чөгүп кетти деп райондук ички иштер бөлүмүнө, алар ӨКМдин райондук бөлүмүнө билдиришкен.

«Биз Караколдогу суучулдарга чалып, тез жардам унаасы менен чогуу окуя болгон жерге жөнөп калдык. Чөгүп кетти деген жигиттин ата-энеси да ал жерге келип калышты. Эми кайсы тараптан издейбиз деп план түзүп жатсак, Каракол пристаны тарабынан жоголду деген бала аман-эсен чыгып келди. Көрсө, Каракол шаарынын 27 жаштагы тургуну Салават жанындагыларга айтпай, Каракол шаарынын пристаны көздөй 2 чакырым аралыктагы жээкке сүзүп өтүптүр. Ал жээкке жеткенде көлдө катуу шамал болуп, толкун башталат. Салават шамал басылсын деп, бир топ убакыт пристандын далдоосунда отуруп калган. Ошол учурда Ысык-Көлдүн жээгиндегилер адам көлгө чөгүп кетти деп ызы-чуу болушкан. Салават кайра сүзүп келгиче жалпы 6 саат убакыт өткөн», - деди Б.Казакпаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 851
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×