Бөлүмдөр
Шаршемби, 13-декабрь
69.75    82.26    1.18    KZT 0.21
Ысык-Көл

Фото - Эл аралык «Оймо» фестивалы Чолпон-Ата шаарында уланууда

Turmush -  Чолпон-Ата шаарында «Оймо» эл аралык фестивалы башталды.

Turmush басылмасынын кабарчысына уюштуруучулар билдиргендей, бул жылы 12-ирет өтүп жаткан иш-чара жыл сайын борбор калаадан башталып, Чолпон-Ата шаарында улантылат. Фестивалдын негизги максаты — өлкөдөгү кол өнөрчүлүктү өнүктүрүү, салттарды жандандыруу, маданий мурастарды сактап калуу жана Ысык-Көлдү экологиялык жактан таза, маданий туризм аймагына айландырып, таанытууга салым кошуу.

«Оймо» фестивалы Чолпон-Ата шаарында 6-августка чейин улантылат. Учурда Өзбекстан, Тажикстан, Казакстан жана Кыргызстандын көл өнөрчүлөрү жогорку чеберчилик менен жасаган эмгектери менен эс алуучулар кеңири таанышып жатышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1190
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×