При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Бейшемби, 24-август
68.6    80.87    1.16    KZT 0.21

Айыл турмушу: Балыкчылык М.Өмүрчиев көгүчкөн багып, 1,5 сомго чейин сатат (фото)

Turmush -  Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын 32 жаштагы тургуну Мейман Өмүрчиев бала чагынан баштап көгүчкөндөрдү багып келет. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, учурда 40ка жакын көгүчкөнү бар.

«Мен бала кезимден жаныбарларга жакынмын. Көгүчкөндөрдүн жаңы чыккан балапандарын сатып алам. Көгүчкөндөр жуп-жубу менен жашайт. Ар бири 2 жумурткадан тууйт. Балапанын 16 күндөн 19 күнгө чейин басып чыгарат. Булардын учуп ойногондору бар жана аябай кооз өңдөгүлөр болот. Биз учуп ойногондорун багабыз. Алар өтө алыска учуп, асмандан көрүнбөй калышат. 2-3 маал жем берем. Азыр ак, кара жана ала өңдүү 30-40 көгүчкөн бар.

Кээде үйлөнүү үлпөт тойлорго колдонгонго берем. Көбүнчө жакындарыма белек кылам. Бирок, өзүм сатуу үчүн эмес, жан дүйнөмө кубаныч тартуулагандыгы үчүн багам. Көгүчкөндөр кичинесинен кимдин үнүн укса ошого көнүп, жакын болуп калат. Бир жолу 1-2 айга айылга кеткем. Кайра үйгө келип апам экөөбүз чай ичип отурсак, 2 көгүчкөн эшиктин босогосунан мени кечке карап турду. Бир аздан кийин жаныма акырын жакындап келишти. Көрсө, алар мен жокто көпкө издешиптир.

Өзүм буларды рахаттануу менен карап отуруп, 1-2 саат өткөнүн байкабай калам. Белекке бергенде ошол адамга көндүрүп туруп берем. Бирок, алардын үйүнө барганда менин үнүмдү укса мурдагы уясын эстеп, кайра үйүмө учуп кетет», - деди ал.

Мейман Өмүрчиев көгүчкөндөрүн каалоочуларга 500 сомдон 1,5 миң сомго чейин сатат. Өзү 2 уулу, 1 кыздын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 724
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
16:23,   24.08.2017   ( 14 адам окуп жатат)
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу